Турга чакырабыз:

Кышкы Каркыра 2025–2026

karakol-ski-img03

Бул маршрутту өзгөчө кылган нерсе эмнеде?

• Снегоходдо жүрүү — баага кирет
• Кышкы оюн-зооктор: тюбинг, кар күрөш, чаналар, кар адам
• Кулинардык мастер-класс
• Настольные игры, кол өнөрчүлүк, көчмөндөрдүн оюндары
• Ыңгайлуулуктары бар жылытуучу боз үйлөр
• Кечкисин плов жана үйдөй жагымдуу атмосфера

Программа

Биз сизди Кышка ашык кылып коёбуз!
Кыргызстандын тоолорундагы чыныгы кышкы жомок — 3 күн бою таза тоо абасы,
жумшак кар, жылуу боз үйлөр жана эстен чыккыс эмоциялар.
Каркырада ар бир адам өзүнө ылайыктуу маанай табат:
активдүү снегоход тебүү, кызыктуу кышкы оюндар, тынч сейилдөө, кечки уют жана шефповар даярдаган эң даамдуу плов.

1-күн

Эртеси менен Бишкектен Каркырага трансфер. Жол болжол менен 8 саатка созулат.
Маршрут Ысык-Көлдүн түндүк жээги аркылуу өтөт. Жолдо түшкү тамак үчүн токтоп
алууну (программага кирбейт) же алдын ала жеңил тамак алып алууну сунуштайбыз.
Келгенден кийин боз үйлөргө жайгашуу жана программага кирген кечки тамак.
Жылы, жылыткыч коюлган, бардык ыңгайлуулуктары бар боз үйлөргө жайгашуу.
Эркин убакыт.
Сунуш: жылуу жана суу өткөрбөгөн бут кийим, кийим-кече, кар жааган күнгө кошумча
кургак кийим алуу зарыл. Тоодо температура ар дайым шаарга караганда төмөн болот.

karakol-ski-img08

2-күн

Таңкы тамактан кийин каалаган активдүүлүктү тандап, толук кандуу эркин күн:
 • Снегоходдо жүрүү (баага кирет)
 • Жөө сейилдөө
 • Жүгүрүү лыжалары жана кар баскыч (снегоступы) — Бишкектеги прокаттардан
ижарага алсаңыз болот (Ski Land, Ski House, Союз пешеходного туризма жана башка)
  • Кышкы оюндар: кар күрөш, чаналар, ледянка, кар адам, тюбинг
Тынчтык жана жалгыздык издегендер үчүн лагерь ичинде көңүл ачуучу көп нерсе бар:
 • Китептер, шахмат, шакки, карталар, ар түрдүү настольный оюндар
  • Гитара менен ырдоо
  • Токуучулук, сүрөт тартуу, кол өнөрчүлүк
  • Көчмөндөрдүн оюндар: альчики, таяк-тартыш, беш таш
 • Кулинардык мастер-класс: талкан / чак-чак / боорсок — шеф-повар тандоосу боюнча
(баага кирет)
  • Баня, купель
Түшкү жана кечки тамак уюштурулган. Күн бою сыртта болууну пландагандар үчүн
ланчбокс берилет.
Кечки тамак — шеф-повар даярдаган плов жана кино көрсөтүүсү.

karakol-ski-img09
karakol-ski-img07

3-күн

Таңкы тамак, эс алуу үчүн эркин убакыт. Лагердеги түшкү тамак. Кейин Бишкекке кайра жолго чыгуу.

karakol-ski-img04

Кышкы Каркыра 2025–2026

Турдун узактыгы: 3 күн, 2 түн

Гарантияланган даталар:

Декабрь: 19–21, 26–28

Январь: 02–04, 09–11, 16–18, 23–25, 30–01/02

Февраль: 06–08, 13–15, 20–22, 27–01/03

Жайгашуу: эки орундуу боз үйлөр, бир орундуу жайгашуу — кошумча акы менен.

Топ: 4төн 12 адамга чейин

Тамактануу: швед столу — таңкы, түшкү, кечки

Маанилүү маалымат

Отправьте нам письмо на office@atc.kg, и наш менеджер свяжется с вами для подтверждения бронирования.

Проживание в юртах на базе двухместного размещения – 2 ночи

Питание – полный пансион (завтрак-2, обед-2, ужин-2)

Катание на снегоходах

Трансфер Бишкек-Каркыра-Бишкек

– Одноместное размещение

– Питание по дороге в Каркыру

– Бар

Дополнительные услуги:

Одноместное размещение 15 USD

Теплые куртка, штаны, шапка, перчатки/варежки, обувь. Для катания рекомендуем лыжный костюм, лыжную маску, балаклаву.

Комплект сменной одежды на случай намокания (носки, штаны, кофта, и т.п.)

Лыжное снаряжение можно взять в аренду в пунктах проката в Бишкеке (Ski Land, Ski House, Союз пешеходного туризма и др.)

Купальные принадлежности для бани

Личные средства гигиены

Пайдалуу маалымат

Кыргызстанда жай — жаркыраган күндүн, тоо шамалдарынын жана сергек түндөрдүн мезгили. Саякатыңыз ыңгайлуу жана жеңил болушу үчүн туура кийимдерге жана буюмдарга кам көрүңүз.

Күндүз өрөөндөрдө ысык — аба өткөргөн жана күндөн коргогон жеңил пахта же зыгыр кийимдерди алыңыз. Баш кийим — кепка, панама же жоолук — сөзсүз керек. Күндөн коргоочу көз айнек жана жогорку SPF менен крем күйүктөн сактоого жардам берет.

Тоолордо ысыкты салкындык алмаштырат — кечинде жана эртең менен жылуу кофта же ветровка керек болот. Жаан-чачындуу аба ырайында жеңил жамгырдан сактоочу күрмө же куртка жардамга келет.

Шаардык сейилдөөлөр үчүн — ыңгайлуу кроссовкалар. Тоолорго — жакшы таманы бар ишенимдүү треккинг бут кийимдери. Көлдөрдүн жанында жана боз үйлөрдө эс алуу үчүн — жеңил шалп этмелер же сандалий.

Ар бир топтун курамында биздин туркомпаниядан негизги аптечка, антисептик жана нымдуу чачыктар бар — биз сиздин ден соолугуңузга жана коопсуздугуңузга кам көрөбүз. Сиз өзүңүздүн жеке дарыларыңызды жана керек болсо өзгөчө препараттарды алып жүрүшүңүз керек. Күндөн коргоочу кремди жана чиркейлерден репеллентти унутпаңыз.

Биздин бустарда гаджеттериңиз үчүн кубаттоочу түзүлүштөр бар, бирок биз сизге өзүңүздүкүн да алып жүрүүнү кеңеш кылабыз. Камерасы бар смартфонду жана тышкы аккумуляторду унутпаңыз — тоолордо розеткалар жок болушу мүмкүн. Оффлайн карталарды жана жол көрсөткүчтөрдү алдын ала жүктөп алууну сунуштайбыз. Саякаттын эң жакшы учурларын сактап калгыңыз келсе — биздин кесипкөй фотографтын жана видеографтын кызматтарынан пайдаланыңыз. Сиз эсиңизде кала турган кооз сүрөттөрдү жана видеолорду аласыз.

Кыргызстанга сапар алдында өлкөнүн кооздугунан ырахат алуудан эч нерсе алаксытпашы үчүн баарын жакшылап пландаштыруу маанилүү.

КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүк жарандарына визанын кереги жок — жөн гана паспортуңузду алып, укмуштуу окуяларга алга! Башка өлкөлөрдөн келген туристтер үчүн eVisa.kg сайты аркылуу электрондук виза берилет — бул тез жана ыңгайлуу, ал эми биз ар дайым нускамалар менен жардам беребиз.

Кыргызстанда улуттук валюта — сом (KGS) менен төлөшөт. Акчаны Бишкектеги жана ири шаарлардагы расмий алмаштыруучу жайларда же банктарда алмаштырган жакшы. Тоолордо жана чакан калктуу конуштарда көбүнчө накталай акча гана кабыл алынат, ошондуктан өзүңүз менен жетиштүү сом алып жүрүңүз.

Жайында аба ырайы өзгөрүлмөлүү: өрөөндөрдөгү ысык күндү тоолордогу салкындык алмаштырат, кээде кыска мөөнөттүү жамгырлар жаайт. Сапар алдында аба ырайын текшерип көрүүнү кеңеш кылабыз — жон баштыгыңызга эмне салууну так билүү үчүн. Тоолордо кечтер жана түндөр сергек болушу мүмкүн, жылуу кийимди унутпаңыз.

Биздин ыңгайлуу бустарда Wi-Fi бар — ар дайым байланышта боло аласыз. Көпчүлүк мейманканаларда да интернет бар. Эгер сиз жолдо туруктуу байланышка ээ болгуңуз келсе, биз сизге пайдалуу тариф менен туристтик SIM-картаны бере алабыз. Бирок ансыз деле шаарларда байланыш жакшы, ал эми тоолордо мобилдик тармак көпчүлүк популярдуу туристтик жерлерде иштейт.

Кыргызстанда меймандостук жана салттарды урматтоо бааланат. Үйгө же боз үйгө киргенде бут кийимди чечүү салтка айланган. Сый тамактан баш тартпаңыз — бул үй ээлерине болгон урматтын белгиси. Айыл жерлеринде жөнөкөй кийинип, сылык мамиледе болууну, жергиликтүү каада-салттарды урматтоону кеңеш кылабыз.

Бешбармак — кесме кошулган кайнатылган эт, кыргыз тамак- аштарынын символу.

Лагман жана манты — чыгыш акценти бар популярдуу эт тамактары.

Кымыз — бээнин ачытылган сүтү, көчмөндөрдүн суусундугу.

Тандырда даярдалган нандарды четке какпаңыз — алар дээрлик ар бир тамакка берилет.

    Биз менен байланышуу